КР УКМК: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач аймагында жайгашкан бир катар жер тилкелер мамлекеттик баланска кайтарылды

КР УКМК тарабынан коррупциялык жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагындагы жалпы аянты 62 гектарды түзгөн өзгөчө категориядагы кымбат баалуу сугат айдоо жерлери мамлекеттин менчигине кайтарылып берилди.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын М.Горький жана Ф.Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 4,7 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекеттик баланска өткөрүлдү. Ошондой эле, муну менен катар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 57,3 гектар жер тилкелери өткөрүлүп берилди.
Учурда КР УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз өткөрүлүп, жеке менчикке менчиктештирилип кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жана социалдык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Related posts

УКМК: “Саяк” жана “Мики Чор” каймана аттуу УКТнын активдүү мүчөлөрү кармалды 

admin

Кадамжайда беш адам кышкы салат жеп ууланышты

admin

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынып алды

admin

Комментарий