КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, 2025-жылдын 20-майында Бишкек шаарынын аймагында «Бишкекбашкыархитектура» МИнин имаратында тинтүү иштерин жүргүзүүдө буга чейин Ж.Р.Ж. аттуу МИнин ИТЗ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси акча каражатынын бир бөлүгүн алгандыгы боюнча документтер табылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ж.Р.Ж. жарандардын кайрылууларын кароо боюнча функционалдык милдеттерин аткаргандыгы үчүн Б.К.Ж. аттуу жарандан муниципалитетке таандык ижарага алынган жер участогунун функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени оң чечүү үчүн 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Учурда кармалган жарандын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, аталган коррупциялык схемага башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги такталууда.