Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынан борбордун турак жай фондун модернизациялоонун алкагында Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө лифт орноткон уюмдарга төлөп берүүгө арналган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы аныктап, бөгөт койду. Бул схеманы жеке мыйзамсыз баюу максатында ишкананын мурдагы жетекчиси С.М.А жана азыркы учурда иштеп жаткан башкы бухгалтери уюштурушканы аныкталды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.
Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана комфортту шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын мэриясы жыл сайын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 100гө жакын лифтти алмаштырат.
Лифттерди алмаштыруу боюнча иштерди уюштуруу жана ишке ашыруу «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасына жүктөлгөн, ал өз кезегинде лифттерди орнотуу үчүн ар кандай иш аткаруучуларды жумушка тартат. Аталган тараптар ар бир лифтти алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сом эсептеп чыккан, мында иш аткаруучу уюмдарга иш жүзүндө 135 миң сом төлөнүп берилип, калган бөлүгү ар бир лифттен 132 миң сом өлчөмүндө жогоруда белгиленген жооптуу адамдар тарабынан «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасына ыйгарылган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын кабинеттеринде ишкананын мурдагы жетекчилиги үзгүлтүксүз негизде алыш-бериш эсебинен 150 миң сомдон 2 млн. сомго чейин акча каражатын негизсиз алгандыгын тастыктаган финансылык документтер табылган.
Топтолгон материалдардын негизинде «Бишкекгорлифт» ишканасынын мурдагы директору С.М.А., кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
КР УКМК тарабынан кылмыштын башка жагдайларын изилдөө, ошондой эле кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдарда коррупцияга каршы максаттуу иштерди тынымсыз жүргүзүп жатканын эске салабыз жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдашканын эскертебиз.
Мурунку | Предыдущий