КР УКМК: Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

 УКМК тарабынан жүргузүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.
   2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы  менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, максатсыз пайдаланылган.
   Ошону менен бирге, 2008-жылы инфраструктуранын социалдык объекттерин үчүнчү жактарга ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга карабастан, аталган бала бакча 0,89 га жанаша жайгашкан аймагы менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген.
   Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 28-февралында бала бакчанын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын эске алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.

Related posts

Путин ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлерин жана аскерлерин 9-майдагы парадга чакырды

admin

Нарын шаарындагы откананын имаратын мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Садыр Жапаров АКШ Сенатынын комитет башчысы жана Конгресс сенаторлору менен кездешти

admin

Комментарий