КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

    КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн каржылоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында — К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында бизнес чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрүнөн акча каражаттарын опузалап алуу фактылары аныкталды.
    Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларнын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында жана Кант шаарында жайгашкан жалпы аянты 26,43 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.
    КР УКМК тарабынан, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары уланууда. 

Related posts

25-сентябрга карата аба ырайы

admin

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгондордун саны 12ге жетти

admin

КР УКМК: Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран борбор калаада кармалды

admin

Комментарий