КР УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ок-дарылар сакталган жай аныкталды.
Такталгандай, 2024-жылдын 14-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы «Восход» дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө, 9 мм. калибрдеги 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылып алынган.
Учурда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Чүйдө көлмөгө 11 жаштагы бала чөгүп кетти

admin

21 жаштагы “Түндүк электрдин” кызматкери сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калды 

admin

Кыргызстандагы 20 000 сомдон 57 000 сомго чейинки эмгек акылар

admin

Комментарий