КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 990 га жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

  КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагындагы 990 гектар жерди мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.
   Тактап айтканда, Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А., "өкүл баласы" болуп саналган "Нива" айыл чарба кооперативинин төрагасы А.М.Д. менен сүйлөшүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансында турган 990 га аянттагы жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланган. Аудитордук текшерүүгө ылайык, аталган жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин 74 млн.сомдон ашкан. 
   Мында кыймылсыз мүлк объекттери, анын ичинде дан кампалары, кампа жайлары, өндүрүштүк база мыйзамсыз менчиктештирилген. Р.И.А.га жана анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Бишкек шаарындагы элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулук районундагы соода жайлары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Келечек" пансионатынын аймагындагы коттедж катталгандыгы аныкталды.
   Чогулган материалдардын негизинде коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 2025-жылдын 21-майында  Октябрь райондук соту тарабынан кармалган А.М.Д. жана Р.И.А. КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине киргизилди. 
   Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө

Related posts

Жаан жаашы мүмкүн. 2-августка карата аба-ырайы

admin

Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

admin

УКМК: «Сапар Исаковго брондолгон унаа белек кылган Рамонов кармалды»

admin

Комментарий