КР УКМК: ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

КР УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын аймагына тиричилик буюмдары деп, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 2024-жылдын 17-январында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү постунан КР жараны К.Шнын башкаруусундагы оор жүк ташуучу “Мерседес Бенц” унаасы кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок 200 даана жаңы “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, 97 даана автоунаалар үчүн газ баллондук аппараттар аныкталган.
Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөөдөн келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

admin

Некролог. УКМК кызматкери Искендер Соодонбеков 48 жашында каза болду

admin

Азия чемпионаты: Орозбек Токтомамбетов күмүш медаль алды

admin

Комментарий