КР УКМК: Электрондук виза даярдоо боюнча мыйзамсыз каналга бөгөт коюлду

КР УКМК миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасына кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналын аныктады.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн натыйжасында, Пакистан Ислам Республикасынын жараны А.М. жеке материалдык баюу максатында, 14 пакистандык жарандын ишенимине кирип, аларга бардык керектүү документтерди берүүгө убада кылган.
Аталган А.М. өзү Кыргыз Республикасынын аймагында 17 жылдан ашык убакыттан бери болгон жана бул факторду анын өлкөдө керектүү байланыштары бар экендигин жана Пакистандын жогоруда аталган жарандары үчүн электрондук визаларды (E-Visa) бере ала тургандыгын ырастоо катары колдонгон. Бул үчүн А.М. жабыркаган жарандардан 1 миллион сомдон ашык акча алган.
Бул боюнча 2025-жылдын 18-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 209-беренесинин 1-бөлүгүндө («Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык») каралган кылмыштардын негизинде А.М. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмыштын потенциалдуу катышуучуларын аныктоо жана башка адамдар тарабынан уюштурулган ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Самара Каримова кызынын ысымын Айсулуу Тыныбекованын атынан койду

admin

УКМК: Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды 

admin

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 101 жашында дүйнө салды

admin

Комментарий