КР УКМК: К.Ташиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушту

Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 21-майында КР УКМК төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти К.Ташиев 24-майда Бангкокто (Таиланд) өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү. Белгилей кетсек, аталган турнирге республикабыздын атынан 6 спортчу катышат.
УКМК төрагасы К.Ташиев улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге болгон сүйүү күчтүү болсо, талыкпай эмгектенип, тынымсыз аракет кылса, сөзсүз ийгиликти багындыра тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, төрага спортчуларды өжөр жана тайманбас болууга чакырып, өлкө жетекчилиги да аларга өзгөчө көңүл буруп, жыйынтыктарга жетишүүсү үчүн ар тараптуу шарттарды түзүп жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде спортчулар жана машыктыруучулар өлкө президентине жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайбыз деп убада беришти!

Related posts

Депутат Икрамов: «1973-жылы чыгарылган рентгенди колдонушат. Жаңысын коюп беришсин»

admin

Жапаров Алтайдагы «Миң жүрөк» курортуна жасаган сапары боюнча айтып берди

admin

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келет

admin

Комментарий