КР УКМК: Кадамжай районундагы мамлекетке кайтарылган жер тилкелери боюнча

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун муниципалдык кызматкерлери, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, 2016-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси М.А. жер мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен 14,5 га жайыт жерлерин калктуу конуштардын жерлеринин категориясына трансформациялоо жөнүндө буйрук чыгарган, ал эми бул прерогатив КР Өкмөтүнө гана (КР Министрлер Кабинетине) таандык.
Өз кезегинде ЖӨБОнун кызматкерлери тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин аталган буйруктун негизинде Ирелеш айылынын жергиликтүү тургундарына жеке курулуш үчүн жер участоктору берилип, аларга «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.
Кадамжай Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башчысынын буйругун жокко чыгаруу боюнча ишти соттук кароонун жыйынтыгында, 2024-жылдын 17-январында Баткен шаарынын административдик соту тарабынан аталган буйрукту, ошондой эле анын негизинде кабыл алынган (Исхак-Полотхан) Халмион айыл башкармалыгынын токтомдорун жокко чыгаруу боюнча доо арызы канааттандырылып, ал үчүнчү жак тарабынан Баткен облусунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясына даттанылган.
2024-жылдын 5-июнунда Баткен облусунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы 2024-жылдын 5-сентябрында күчүнө кирген биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Алсак, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 14-февралындагы токтому менен 14,5 га жер тилкеси жайыт жерлердин баштапкы категориясына которулуп, анын ичинен 6 га жер тилкелери Исхак-Полотхан (Халмион) айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилген.
Учурда башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана мамлекеттик органдарда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Related posts

КР УКМК: Коррупция фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары кармалды

admin

Кыргызстан менен Таиланддын беттеши. «Оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» дейт Таркович

admin

Түркияда теракт болуп, бир нече адам каза болду

admin

Комментарий