КР УКМК: Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташуучу транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды

УКМК жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы башкы башкармалыгы менен биргеликте Бурабай протоколунун ченемдерине ылайык, Казакстан Республикасында бажылык тариздөөдөн өткөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде жүк ташуучу автотранспортторду мыйзамсыз баштапкы каттоо фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, Казакстан Республикасы үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб см үчүн 1 еврону түзөт.
Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча аталган агенттикте мыйзамсыз коррупциялык схеманы уюштурушкан.
Учурда КР УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы башкы башкармалыгы тарабынан 3000ден ашык мындай өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаалар катталгандыгы аныкталды.
Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 000 000 сомдон 1 500 000 сомду түзөт.
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул сыяктуу фактыларды жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигининдеги башка кызмат адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын системасында туруктуу коррупциялык схеманын түзүлгөндүгү жөнүндө

admin

Баткен районунун тургуну өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды 

admin

Курманкул Зулушев Көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

admin

Комментарий