КР УКМК: Кийим-кече базарынын ишин мыйзамсыз уюштуруп, контейнерлердин ээлеринен акча каражатын чогултуп жүргөн Ноокен районунун тургуну кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында Эски-Масы-Сай каналынын жээгинен соода-базар комплекси (кийим-кече базары) үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн балансына киргизилген жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык көрүнүштөр аныкталды.
Такталгандай, О.А.М. аттуу Ноокен районунун тургуну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Суу коргоо зонасында жер тилкесин ижарага берүү келишими тууралуу айтып, өзүм билемдик менен соода контейнерлерин орнотуп, ижарачылардан айына 3000 сомдон 7000 сомго чейин акча каражатын чогулткандыгы аныкталды. Мындан улам, 2010-жылдан баштап О.А.М. мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерин ижарага берүү үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз чогултулган.
Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы менен келтирилген зыяндын суммасы 7 миллион сомдон ашык экени аныкталып, О.А.М. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Аталган мыйзам бузууларга жол берген КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Related posts

Бишкекте балдар ооруканасында томография кабинети иштей баштады

admin

Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит интернет аркылуу баңгизат сатууга шектелип кармалды

admin

Токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү. Кыргызстанда маалыматтык кампания өттү

admin

Комментарий