КР УКМК: КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жаңы имаратында КР УКМК Төрагасынын орун басары генерал-майор А.М.Разаевдин катышуусунда «Ардагерлердин бир туугандык салттуу байланышын бекемдөө – тарыхтан келечекке» аталышындагы тегерек столдун алкагында, биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын атайын кызматтарынын ардагерлери катышты.
Тегерек столдун максаты – КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ардагерлер уюмдарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо. Тарыхый байланыштарды бекемдөөдө өз ара аракеттенүүнүн өнүгүү келечегин карап чыгуу.
Атайын кызматтын ардагерлери КР УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин мындай масштабдуу тарыхый иш-чараны уюштурууга кошкон салымын жогору баалашты.
Иш-чаранын башталышында А.М.Разаев келеген конокторду Кыргыз Республикасына келиши менен жылуу тосуп алып, өз сөзүндө: «Бүгүнкү иш-чара баардыгыбыз үчүн абдан маанилүү саамалык болду — анткени биз бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имаратында Мекенге кызмат өтөөгө өмүрүн арнагандардын эмгегин даңазалап, эскерүү үчүн жолуктук. Ар бириңиздерге коюлган милдетке берилүү менен мамиле жасап, аткарган кызматыңыздар үчүн, атайын кызматтардын жаш муундарына көрсөткөн татыктуу үлгүңүздөр үчүн чын дилимден ыраазычылк билдирем. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кажыбас кайрат каалайм. Бул жолугушуунун биздин кызматташтыгыбыздын жана достугубуздун жаңы баскычы болуусуна тилектештигимди билдирем.» — деп сүйлөдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер социалдык колдоонун, өз ара аракеттенүүнү жана өз ара жардамдашууну чыңдоонун, ошондой эле маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жаштарды патриоттуулуктун жана милдетке берилгендиктин багытында тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара жылуу жана көңүлдүү маанайда өтүп, атайын кызматтын ардагерлеринин боордоштук бекем байланыштарын ырастап, өткөн мезгилдерди эскерүү менен гана чектелбестен, ардагерлердин биригүүгө жана ийгиликтерге умтулууга чакырган жандуу күч экендигин тастыктаганы өзгөчө символикалуу көрүнүш болду.
Атайын кызматтардын ардагерлер уюму салттуу түрдө жарандарды патриоттук нукта тарбиялоодо, тарыхый мурастарды сактоодо жана коомдун биримдигин чыңдоодо маанилүү чоң роль ойной тургандыгын белгилей кетүү керек. Алардын иш-аракеттери мурдагы кызматкерлерди колдоого жана коомдук маанилүү долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.
КР УКМКнын жаңы имараты – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, заманбап коопсуздуктун жана боордош мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгынын символу болду.
Өз кезегинде катышуучулар тарыхтын даңазалуу барактарынын элесин сактоонун жана кызматкерлердин жаш муундар мен бай тажырыйбаларын бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Бул иш-чара мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылууга жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого баа жеткис салым кошкон түрдүү муундардын өкүлдөрүн бириктирди.

Related posts

Таласта Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

admin

Жаан-чачын күтүлбөйт.3-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Уктап жата турган учур эмес». Президент мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн ачыктыкка чакырды

admin

Комментарий