КР УКМК тарабынан КР Коргоо министрлигинин системасында кызматтык кылмыштарды жана коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Коргоо министрлигинин райондук аскер комиссариаттарынын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган жана бөгөт коюлган.
Алсак, КР Президентинин «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» жана «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» жарлыктарын, ошондой эле КР Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы чараларды көрүүсүнө карабастан, КР Коргоо министрлигинде коррупциялык көрүнүштөрдүн жана кызматтык кылмыштардын фактылары орун алууда.
Тактап айтканда, 2024-жылдын 12-декабрында КР УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин бирин Бишкек шаарынын райондук комиссариатына которуу үчүн пара алып жаткан жеринен КР Коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. кармалды.
Ошол эле учурда, 2024-жылы 17-декабрында КР УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде (Коррупция) каралган кылмыш жасоо белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарлары полковник К.Н.К. жана полковник Ж.Ж.Ж.ны кармаган. Алар акчалай сыйлык үчүн системалуу негизде аскердик каттоого алуу жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды бузуу менен КР аскердик билеттерин берүү менен алектенишкен (б. а. жарандардан акча чогултууну жүзөгө ашырышкан).
Жогорудагы аскер кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалып, 2024-жылдын 17-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына жайгаштырылды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.