КР УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

КР УКМК КР ФМга караштуу МСКнын жооптуу кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын К.А.А. аттуу инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү  фактысын аныктады. 
   Тактап айтканда, 343-берененин 3-бөлүгү өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 14-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда  МСКнын инспектору К.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. 
  Учурда тиешелүү тергөө – ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Күндүз +26° чейин — 30-октябрга аба ырайы

admin

Ташиев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча кабары болбогонун айтты

admin

Коргоо министрлиги: «Атамбаевдин, Ташиевдин балдары армияда кызмат өтөшкөн» 

admin

Комментарий