КР УКМК: КР Коргоо министрлигинде кеңешме өткөрүлдү

2025-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы арасында түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү.
Жыйынга коргоо мекемелеринин башкаруу органдарынын жетекчилиги, ошондой эле борбордук баш ийүүдөгү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
УКМК кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү. Ошондой эле, 2024-жылдагы коргоо мекемелеринин тутумунда аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын айрым жыйынтыктары жана фактылары айтылды.
Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.

Related posts

ИИМ: “Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат” 

admin

Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов… Дүйнө чемпиондугуна дагы кимдер катышат?

admin

КР УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды

admin

Комментарий