КР УКМК: Курулуп жаткан «ПП» турак үйүнүн жер төлөсү (цоколдук жайы) мамлекетке өткөрүлүп берилди.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин мамлекеттин менчигинен кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагында, социалдык инфраструктуранын объектисин жеке менчикке өткөрүп берүүдөгү жол-жоболук тартип бузуу фактыларын аныктады.  
      1990-жылы Кыргыз ССР эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин чечими менен СМУ-8ге Бишкек шаарынан аянты 0,521 га болгон жер тилкеси спорттук эс алуу комплексин курууга берилген. 
      Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен белгиленген тартип сакталбастан, 0,1462 га аянтты ээлеген бул жер тилкесинин бир бөлүгү «Факел» ААКтын балансына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген, бирок өткөрүп берүү учурунда аталган ишкананын «мамлекеттик ишкана» макамы жокко чыккан.
      Бир катар сатуу иштеринен кийин, 2022-жылы аталган жер тилкесин «ПП» ЖЧКсы алып, учурда бул участокто 5 кабаттуу турак жайдын курулушу бүткөрүлүүдө.
      Аталган мүлктү баалоо боюнча эксперттин корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 50 миллион 616 миң сомду түзгөн.
      Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, «ПП» ЖЧК курулуш компаниясынын менчик ээси зыяндын ордун толтуруу үчүн, аталган үйдүн турак эмес (цоколдук) жайынын ремонтун толугу менен бүткөрүп, мамлекеттин пайдасына өткөрүп берди.
      КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү аныктоо жана кайтаруу боюнча ыкчам аракеттерди улантууда.  

Related posts

Кубанычтуу кабар! Кичинекей Аруузатка көптөн күткөн Золгенсма уколу жасалды

admin

13-ноябрь күнү Кыргызстанда жаан, кар жана туман күтүлүүдө — аба ырайынын болжолу

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

admin

Комментарий