КР УКМК: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүндөгү туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иштердин жүрүшүндө, УКМК жана КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин күзөт полкунун катардагы кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуусу боюнча коррупциялык схемалар аныкталып, бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою карамагындагы кызматкерлерден коммерциялык объектилерде күзөт кызматын көрсөтүү боюнча кызматтык кошумча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн акча алып келгендиги боюнча далилдер алынган. Кызматкерлер расмий түрдө кошумча кызматтык айлык акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кирешесинин бир бөлүгүн абийирсиз жетекчиликке өткөрүп берүүгө аргасыз болуп келишкен.

Опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 27-августунда КР ИИМдин күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май районунун күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын подполковниги «А.Б.Г.» 110 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле, бул коррупциялык схемага Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги «О.С.С.» тин катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң АКШ доллары жана 5 миллион 890 миң сом акча каражаттары табылып, шектүү алардын келип чыгышын түшүндүрө алган эмес. Ошондой эле 9х17 мм калибриндеги 32 даана эсепке алынбай калган ок-дарылар табылган.

Мындан тышкары, бөлүмдүн улук инспектору милициянын капитаны «Ч.Б.К.» жана взводдун командири милициянын ага лейтенанты «М.Э.Т.» аталган коррупциялык схемаларга катыштуулугу боюнча шектүү катары кармалышты.

Related posts

Бишкекте келин жолдошу сабаганын айткан. Шектүү кармалды

admin

Камакка алынган активист Ырыс Жекшеналиев артында “заказчиктер” болгонун мойнуна алды

admin

20 миң  сом. Катализатору жок айдаган унаалардын айдоочуларына 20 миң айып салуу сунушталды 

admin

Комментарий