КР УКМК: Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде кеңешме өткөрүлдү

2025-жылдын 21-январь күнү, КР министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-КР УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К. К. Ташиевдин берген тапшырмасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин баардык кызматкерлеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин күн тартибине ылайык катышуучуларга:
➢ Коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарга карата жазалардын катаалдашуусу;
➢ «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүн киргизилгендиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшүү саясатын ишке ашыруу максатында, КР УКМК тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Кыргыз республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин, өлкөбүздүн укук коргоо органдары менен биргеликте коррупцияга каршы жүргүзгөн тынымсыз күрөшүүсүнө карабастан, 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейинки статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу «Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин» ишмердүүлүгүндө, мурда калыптанып калган туруктуу коррупциялык схемалардын жоюлбагандыгы байкалууда.
Тактап айтканда, буга чейин 7 кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында 5 кызмат адамы кармалып, коррупцияга аралашканы үчүн 4 кызматкер иштен алынса, ал эми 1 кызматкер уюшкан кылмыштуулукка байланышы болгондугу үчүн иштен алынган.
Ошону менен бирге УКМК кызматкерлери, аталган агенттиктин ишмердүүлүгүндө:
✓ мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө;
✓ мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимдерин түзүүдө;
✓ мамлекеттик ишканаларда жана акционердик коомдордо мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө;
✓ мамлекеттик мүлккө байланыштуу соттук маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктердин орун алгандыгын белгилешти.
Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлерине, коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөртүүлөр боюнча, КР КЖКнин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348 беренелерине ылайык төмөнкүдөй маалыматтар берилди:

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө, белгилүү бир иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;
  2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн айыптарды белгилөөчү ченемдик талаптар жокко чыкты;
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү таануу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза
  4. белгиленет;
  5. Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран: соттолгондугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, ошондой эле кылмыш ишинин кыскартылуусуна, же ал боюнча реабилитацияланганына карабастан – мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алынбайт.
  6. Коррупциялык кылмыштарды жасоого күнөөлүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салынат.
    Кеңешмеде белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Мындан улам катышуучуларга, коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүүлөр берилди.

Related posts

Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин басмырлаган доор Атамбаевдин башкаруусунда болгон — ТИЗМЕ

admin

COVID-19га каршы вакциналар вирустун бардык варианттарына карата эффективдүү

admin

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

admin

Комментарий