УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштеринин алкагында – Бишкек шаардык Мэриясына караштуу болгон Транспорт Департаментинин мурдагы жетекчилиги тарабынан «Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы» долбоорун ишке ашырууда, чет өлкөлүк компаниялар менен атайылап пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды.
Маалымат үчүн: «ЖКБАС» долбоору Акылдуу шаар Концепциясынын негизги долбоорлорунун бири болуп саналат, анткени Бишкек шаарында калктын санынын өсүшүн жана шаар көчөлөрүндө кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн жогорулашын, жол тилкелеринин чектелгендигин эске алганда, санариптик интеллектуалдык технологиялардын жардамы менен шаардагы транспорттук кыймылды башкаруудагы мобилдүүлүктү жогорулатуу боюнча курч зарылдыктар келип чыгат, буга ылайык ынгайлуу функционалы бар «жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын» ишке киргизүү аракеттери каралган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Транспорт Департаментинин кызмат адамдары «ЖКБАС» долбоорун ишке ашырууда светофор объектилерине тиешелүү болгон техникалык-экономикалык негиздемелерин жана даярдоо иштерин жүргүзбөстөн туруп, шаардагы 21 жол чырак кесилиштерине (Байтик Баатыр көчөсүндөгү, Күрөңкеев көчөсүнөн А. Токомбаев көчөсүнө чейинки жана А. Токомбаев көчөсүнөн Н. Жетикашкаев көчөлөрүндөгү светофордук объектилер) тиешелүү жабдууларды сатып алуу үчүн чет элдик компания менен түз сатып алуу ыкмасы аркылуу келишим түзгөнү аныкталган.
Калаа тургундарынын шаардагы жол кыймылындагы тыгындарга карата нааразылыктарынын күчөгөнүн жана аталган долбоордогу баштапкы көрсөтүлгөн жыйынтыктардын жоктугун эске алуу менен, Бишкек шаардык Мэриясы тарабынан долбоорду ишке ашыруу тартибин талдоо боюнча жумушчу комиссиясы түзүлүп, жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында бир топ одоно мыйзам бузуулар катталган, анын ичинде сатып алынуучу техникалык каражаттардын баалары 18 млн. сомдон ашык суммага атайын жогору көрсөтүлгөнү аныкталган.
КР УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Транспорт Департаментинин мурдагы директору У.У.К жана «Жол жана транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору «С.Р.М.» кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар Бишкек шаардык Мэриясынын кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, алардын аракеттерине тергөө иштеринин жыйынтыгына ылайык юридикалык баа берилет.
Белгилей кетсек, аталган долбоор тыгындарды азайтуу үчүн жол кыймылын башкарууну автоматташтырууга багытталган, бирок иш жүзүндө техникалык кемчиликтерди эске алуу менен светофорлордун ишин жөнгө салуу үчүн УПСМ кызматкерлеринин дайыма кийлигишүүсүн талап кылат, бул көрүнүш дагы бир жолу долбоордун натыйжаларынын төмөндүгүн тастыктайт.


