КР УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

УКМК мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте 2024-жылдын 20-майында саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан Республикасы тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистан Ислам Республикасынын 6 жараны кармалды.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча КР УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүк жарандар КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Талас шаарында өткөн жөө жүрүшкө куткаруучулар аттар менен келишти

admin

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

admin

Комментарий