КР УКМК: Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алдын-алуу боюнча Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кабыл алынган ( 2024-жылдын 31-декабрында КР Президенти тарабынан бекитилген) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку саясий жетекчилигинин мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды жоюу боюнча ички саясий курсунун чараларын андан ары ишке ашыруунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бардык жетекчилеринин, райондук администрациялардын башчыларынын жана муниципалдык ишканалардын, орто билим берүү мектептеринин директорлорунун, ошондой эле Бишкек шаарынын ооруканаларынын башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпы 250дөн ашуун катышуучу чогулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилерге Кыргыз Республикасынын кабыл алынган Мыйзамынын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери, ошондой эле коррупциялык фактылар, козголгон кылмыш иштери жана сотко тартылган адамдар боюнча акыркы 4 жылдагы статистикалык маалыматтар берилди.
Коррупциялык иштин фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга өмүр бою белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилип, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга тийиш болот.
КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштерди жүргүзүүнү улантууда.


Related posts

«Малга, ашказанга деле убал го». Шоумен Урмат Борченов эми түштөндүрүүнү көтөрүп чыкты

mediaportalk

Сокулукта жаракат алган өспүрүмдү видеого тартып, бутун өптүргөн шектүү кармалды

mediaportalk

Таласта 34 млн сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткен

mediaportalk

Комментарий