КР УКМК: Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

2025-жылдын 9-октябрында КР УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору К.Н.Т. кармалды.
КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш — чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.
Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунун ИИБнын УКЖсына киргизилип, сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Related posts

Кар жаашы мүмкүн. 9-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

1-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат 

admin

Комментарий