КР УКМК: Нарын шаарындагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жасоодо мыйзамсыз иштерге шектелгендер кармалды

2024-2025-жылдарда Нарын шаарындагы Ж.Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштерин текшерүү штеринин алкагында, КР УКМК жана ИИМдин Нарын ОИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) фактысы менен иш козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2025-жылдын 31-август күнү Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы Шералиева жана Ленин көчөлөрүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелип КР Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары «С.Т.» жана «Бета-Групп» ЖЧКнын аткаруучу директору «М.А.» кармалды.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Нарын облусунун Ат-Башы РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдардын тийешеси бардыгы боюнча КР УКМК жана Нарын ОИИБ тарабынан ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Related posts

Месси сегизинчи жолу «Алтын топту» алды. Роналду биринчи жолу аутта калды

admin

Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу. Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол коюлду

admin

Жумагазиев Чүйдүн калктуу конуштарын электр энергия менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды

admin

Комментарий