КР УКМК: Ош аскер комиссариатынын кызматкери – опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды.

2025-жылдын 21-августунда пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында Ош аскер комиссариатынын кызматкери «Ш.А.П.» айфон уюлдук телефонун пара катары алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган Аскер комиссариатынын кызматкери альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оңдуу чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсү үчүн уюлдук телефонду пара катары талап кылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Аскер комиссариатынын кызматкери «Ш.А.П.»га карата КР КЖК 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 4-пунктунун (кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо) негизинде айып тагылып, андан соң ал КР КЖК 96-97-беренелерине ылайык кармалып, Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

Related posts

Борбор калаада троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы айтылды.

admin

Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты

admin

Арзыбек Кожошев автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

admin

Комментарий