КР УКМК: Ош облусунда Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

  Ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча КР УКМК КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу РИИБнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны «Д.Т.Х.» тарабынан жасалган 10000 АКШ доллары өлчөмүндөгү алдамчылык фактысы аныкталды. 
   Тактап айтканда, 2024-жылдын ноябрь айында милициянын капитаны «Д.Т.Х.» алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убадалап «У.Т.М.» аттуу жарандан прокурор менен тергөөчүгө берүүнү шылтоолоп 220000 сом, 5000 рубль жана 5500 АКШ доллар акча каражаттарын алган. 
   2025-жылдын 20-август күнү Кара-Суу РИИБнүн Мады айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамынын эрте мененки саптык тизилүүсүнүн жүрүшүндө милициянын капитаны «Д.Т.Х.» УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан анын катышуусунда тергөө амалдарын өткөрүү үчүн кармалды.
   Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР КЖК 96 жана 97-беренесине ылайык, Кара-Суу РИИБнүн аталган ыкчам кызматкери кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан адам жүргүнчүлөрү тарабынан өлтүрүлгөн 

admin

«Адаштым». Мурдагы депутат Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү

admin

Депутат Жаныбек Абиров кафенииин кызматкери менен мушташты

admin

Комментарий