КР УКМК: Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды

   УКМК Ош ШИИБи менен биргеликте адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандарды кармады.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп автомашинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер: 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экендиги аныкталды. Алар аталган К.Д.У.ну Ош облусунун Өзгөн районуна карай алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан.
Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер аныкталып, кармалган жана К.у.Т. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Ашууларда кар жаап жатат. Тыгын жана авариялык абал жаралууда

admin

Уюмда бирдиктүү финансы рыногун түзүү үчүн ЕЭК мүчө мамлекеттер менен системалуу иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди.

admin

Жапаров менен Ташиев Исхак Раззаковдун кызы менен жолугуп, батир белек кылды (сүрөт)

admin

Комментарий