УКМК Ош мэринин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт

УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт! Ошол эле учурда КР УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт!
   Мындан ары КР УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү ж.б. жетекчилер) ушул сыяктуу  туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат.
   Ошондой эле, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана шаарларынын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат.

Related posts

«Шереметьево» аэропортунда Орусияга кире албай калган 20га жакын кыргызстандык бар

admin

Президент Садыр Жапаров: «Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин көрсөткөн»

admin

Кыгызстанда абанын температурасы 40 градустан жогору ысык болот

admin

Комментарий