КР УКМК: Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды

КР УКМК тарабынан Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында премиум класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекеттин пайдасына алынды.
Тактап айтканда, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү учурунда, курулган турак-жайдын 13 пайызын муниципалитет алсын деген шарт менен келишим түзүлгөн. Бирок коррупциялык байланыштарды пайдалануу жолу менен соттун чечиминин негизинде милдеттенме келишимден алынып салынган. Кийинчерээк жер тилкеси үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткен.
Тергөөнүн жүрүшүндө 3 блоктон жана премиум класстагы батирлерден турган «Президент» турак-жай комплекси учурда «В» курулуш компаниясы тарабынан 0,75 гектар жер тилкесинде курулуп жаткандыгы аныкталган. «В» курулуш компаниясы ак ниеттүү сатып алуучу катары мамлекетке ыктыярдуу негизде 14% (жер тилкесинин сатып алуу баасын эске алуу менен), башкача айтканда, 20 батир жана 2 коммерциялык жайды жалпы аянты 2285 кв. м. өткөрүп берди.
КР УКМК Бишкек шаарындагы жер тилкелери боюнча мыйзамсыз аракеттерди аныктоо иштерин улантып, тиешеси бар адамдарды тактоодо. Аларга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлмөкчү. Мындан тышкары, жогорудагы фактынын негизинде судьялардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Related posts

Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиевдин буйругу менен заманбап технологияларды колдонуп комплекстүү издөө-куткаруу иштери жүргүзүлдү.

admin

Бишкекте торпок менен аламан улак тартышты. Сүрөт

admin

Некролог. Улуттук коопсуздук органынын ардагери Замир Сабаев дүйнөдөн кайтты

admin

Комментарий