КР УКМК: Раззаков шаарындагы 226 млн.44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

  УКМК тарабынан 1994-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, мамлекеттин үлүшү 30% болгон ар кандай үлүш жерлери бар Раззаков кирпич заводунун аймагы мамлекетке кайтарылды.
    Белгилүү болгондой, бул аралыкта мамлекет менчиктештирилгенден бери "АООТ-Исфана" компаниясынан кандайдыр бир дивиденд алган эмес. 
     Мындан улам "АООТ-Исфана" ААКсынын акционерлери жана төрагасы А.Д. Анарботоев менен жүргүзүлгөн  тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча Раззаков шаарындагы базар баасы 226 млн. 44 миң сомдук кыш заводу 12558,0 м2 жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын ММБнын балансына өткөрүлүп берилди.

Related posts

Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берди, — президенттин администрациясы

admin

Энергетика министринин орун басары болуп Таалайбек Байгазиев дайындалды

admin

Месси сегизинчи жолу «Алтын топту» алды. Роналду биринчи жолу аутта калды

admin

Комментарий