КР УКМК: Сүлүктү шаарындагы 2,4 га жер тилкеси бар кыш заводу ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

   2016-жылдын май айында Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан ачык аукцион аркылуу жеке менчикке сатылып кеткен Сүлүктү шаарынын Кирпичный көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан, 2,4 гектар жер тилкеси бар кыш заводу ыктыярдуу негизде мамлекетке кайтарылган.
   Белгилей кетсек, бул жер тилкеси мурда Сүлүктү шаарындагы кирпич заводу катары долбоорлонуп, муниципалдык менчик болгон. Бирок,  2016-жылы мүлк жеке менчикке сатылып кеткенден кийин кыш заводу өз ишин токтотуп, учурда көмүр казуучу ишканалар тарабынан көмүр сактоочу жай катары колдонулууда.
   Сүлүктү шаарынын кирпич заводунун ээси менен, аталган объектти жер тилкеси менен кошо мамлекеттин пайдасына (Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын ММБнын балансына) өз ыктыяры менен өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлдү. 

Related posts

Fashion | ‘Ironic Pink’ And 4 Other Back-To-School Trends

admin

Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат

admin

Жол кырсыгына кабылган № 48 автобустун айдоочусу иштен алынды. Ал автобусту калыбына келтирет

admin

Комментарий