КР УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты жанаша жайгашкан жалпы 0,88 га аянты менен мамлекетке кайтарылды. 2010-жылдын декабрында ачык аукцион аркылуу аталган оорукананын имараты КРнын Жер кодексинин 78-беренесинин 2-пунктун бузуу менен көмүр казуучу компанияларга жеке менчикке сатылган. Кийинчерээк Сүлүктү шаарындагы мурдагы оорукананын имараты максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калган.
   Сүлүктү шаары, Студенческая көчөсү дарегинде жайгашкан 0,88 га жер тилкеси менен мамлекеттик оорукананын имараты  көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык, Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө кайрадан каттоодон өткөрүлгөн.

Related posts

Ысык-Көлдө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүм куткарылды (видео)

admin

Египеттеги пирамиданын чокусуна чыгып алган ит кайра өзү түштү

admin

Касымалиев: 2025-жылы кеминде 100 жаңы индустриялык долбоор ишке кириши керек

admin

Комментарий