КР УКМК: Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

2024-жылдын 30-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан 2000-жылы туулган Араб мамлекеттеринин биринин Е.А.Р.С. аттуу жараны кармалып, ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып, аларды интернеттеги социалдык тармактарга жарыялоо аркылуу коркутуу жолу менен, акча каражаттарын опузалап талап кылган жана андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.
Мындан улам, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран 2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

admin

ӨКМ ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөрүн билдирди

admin

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү

admin

Комментарий