КР УКМК: Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

2024-жылдын 30-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан 2000-жылы туулган Араб мамлекеттеринин биринин Е.А.Р.С. аттуу жараны кармалып, ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып, аларды интернеттеги социалдык тармактарга жарыялоо аркылуу коркутуу жолу менен, акча каражаттарын опузалап талап кылган жана андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.
Мындан улам, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран 2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Жеңишке элимдин колдоосу менен жеттим. Акжол Махмудовдун маеги (видео)

admin

ТИМ: Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын 556сы Бишкекке алынып келди 

admin

Кызыл-Кыяда адам уурдап, акча талап кылган шектүү кармалды

admin

Комментарий