КР УКМК: Сокулук районунун мурдагы чиновниктеринин жакын туугандары, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди

 КР УКМК тарабынан мамлекеттик/муниципалдык менчикти мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагы кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы колдонуу менен белгиленген тартипте муниципалдык жер тилкелерди ыйгарып алуу фактысы аныкталды.
   Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында, Чүй областынын Сокулук районунун айрым кызмат адамдары жер ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуучу колдонуудагы эрежелерди бузуу менен, жеке кызыкчылык үчүн жана жеке баюу максатында, Бишкек шаарынын,   Баетов көчөсүндөгү 8,03 га муниципалдык жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп бергендиги такталды. 
   Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, аталган тилке, коммерциялык максатта колдонууга даярдалып, аффилирленген жактарга, анын ичинде Сокулук районунун мурдагы кызмат адамдарынын жакын туугандарына өткөрүлүп берилген. 
   Тилкенин учурдагы ээси, жерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берген. 
   Фактыны эске алганда, жерди максаттуу пайдалануу коммерциялык болуп саналып, мамлекет ири өлчөмдөгү пайданы жоготуп иш жүзүндө потенциалдуу пайда алган эмес.
   Бүгүнкү күндө иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык схемага тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Актёр Азамат Улановдун үлпөт тою өттү (видео)

admin

УКМК тарабынан кармалган жеке ишкер Олег Подобедов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Болгону 27 жашта эле. Жаш ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

admin

Комментарий