КР УКМК: Түнкү клубда баңгизат сатуу каналына бөгөт коюлду

УКМК КР ИИМдин түштүк аймагы боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында, Ош шаарында жайгашкан «Прада» түнкү клубунда наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналын аныктады.
Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубда күзөт кызматкери болуп иштеген 2004-жылы туулган КР жараны И.у.Б. “гашиш” жана “спайс” сыяктуу баңги заттарын сатуу менен алектенип жүргөндүгү такталды. Ошондой эле, И.у.Б.нын 2005-жылы туулган Б.у.А. аттуу шериги аныкталып, ал официант болуп иштеп, түнкү клубда баңгизат сатуу менен алектенген.
Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 31-майында «Прада» түнкү клубунун жанынан И.у.Б., ал эми 2024-жылдын 2-июнунда Ош шаарынан Б.у.А. кармалды. Кармалгандар КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы № 25 мекемеге киргизилди.
Азыркы учурда, УКМК жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы биргелешкен пландын алкагында аталган наркоканалга тиешеси бар башка адамдардын кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды чогултууга жана документтештирүүгө багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Related posts

Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 62 адамга жетти

admin

Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди 

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий