КР УКМК төрагасы К.Ташиев угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жалпы жамаатын жана окуучуларын Жаңы жылы менен куттуктады!

2024-жылдын 28-декабрында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебине барды.
Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин орун басары Б.Т.Супаналиев, жатак-мектебинин эмгек жамааты жана окуучулары катышты.
УКМК төрагасы К.Ташиев аталган мекеменин жалпы окутуучулар курамын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук каалады. Ошондой эле төрага, аталган мектеп-интернатынын спорт залы менен актылык залы копиталдык ремонттон өткөрүлө тургандыгын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө жатак-мектептин окуучулары майрамдык концерттик программасын тартуулашты.
Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан окуучуларга жаңы жылдык белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жетекчилиги, колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн К.Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

Related posts

Кочкор-Ата шаарынын дарыгери УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалды

admin

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

admin

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 35 учуру катталды 

admin

Комментарий