КР УКМК Төрагасы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин спорт залынын ачылышына катышты.

2025-жылдын 17-сентябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы спорт залынын салтанаттуу ачылышына катышты.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин К.К.Ташиев менен жолугушуусунда аталган окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов университетке спорт зал курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1967-жылы түзүлгөндөн бери университеттин спорт залы болгон эмес, мындан улам дене тарбия сабактары тийиштүү шарттары жок өткөрүлүп келген.
Генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын апрель айында курулуш иштери башталып, студенттер менен толук кандуу сабактарды өткөрүү үчүн жана профессордук-окутуучулук курамдын пайдалануусу үчүн зарыл талаптарга жооп берген жана ар тараптуу жабдылган заманбап спорттук залы 3,5 айдын ичинде курулуп, пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу ачылышка университеттин студенттери жана окутуучулары катышып, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттери, өлкөбүздүн маданият жана билим берүү жаатында эмгек сиңирген ишмерлер өлкө жетекчилигине өлкөнүн маданият жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Related posts

Internews жана “Сорос” сыйлыктары кимге тапшырышты 

admin

Улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

admin

Орусияда ичинде 15 адамы бар аскердик учак кулап түштү. Окуянын видеосу жарыяланды

admin

Комментарий