КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку кызматтагы адамдардын жана алардын жакын туугандарынын атын колдонуу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, Ж.И.Р. аттуу жаран, ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын жамынып алып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу КР УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын КР УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталды.
Мындан улам, Ж.И.Р. чогултулган материалдардын негизинде №1 тергөө абагына кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.
КР УКМК өлкө мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, алар аныкталган учурда тийиштүү чаралар көрүлөт, анын ичинде кылмыш-укуктук мүнөздөгү кылмыш-жаза чаралары көрүлөт, ал эми мындай фактылардан жабыркаган жарандарды 0-312-62-05-85 номуруна кайрылууга чакырат.

Related posts

Билим берүү министри Бейшеналиев $110 миң пара алууга шектелип кармалды

admin

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев кармалып, камакка алынды

admin

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

admin

Комментарий