КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде акчалай компенсация алуу үчүн 163 айыл чарба бирдигинин көлөмүндөгү трансформацияланбаган жер участокторун (сугат, айдоо категориясындагы жерлер) жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталды.
Бул факт боюнча ушул жылдын 5-мартында Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары — С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору — С.Б., айыл аймагынын мурдагы башчысы — Р.Б. кармалды жана Талас шаардык ииб убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда КР УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка жетекчилерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Related posts

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

Кыргызстанда кар жаайт — 15-январга карата аба ырайы

admin

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

admin

Комментарий