КР УКМК: Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

   КР УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ИИБ кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.
 2025-жылдын 28-февралында  КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып короо жайынан унааны берүү боюнча акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Талас облусунун Айтматов райондук ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору К.Н.Р. жана Талас облусунун Айтматов райондук ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору, милициянын сержанты Н.С.Ж. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 
   Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
   Эске салсак, 2024-жылдын 31-декабрында  КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлган, ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
   Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.
   КР УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда жарандарды 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.
https://www.youtube.com/watch?v=—mYpUmIgac

Related posts

Талас шаарында өткөн жөө жүрүшкө куткаруучулар аттар менен келишти

admin

Шоколад фабрикасынын негиздөөчүсү, клининг компаниясынын башчысы жана оюнчуктарды тиккен кыз – алар борбордун аялдарына эмнелерди үйрөттү? 

admin

Кар жаайт. 14-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий