КР УКМК: Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан кыргызстандык жаран кармалды

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында 2025-жылдын 22-июлунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Талас районунун Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну О.А.Б. аттуу жаран облустун аймагынан кармалган.
Алынган маалыматтарга караганда, "Instagram" социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы "ТАЛАСТЫН СМОТРЯЩИЙ БАЛАСЫ" аттуу видео-ролик жарыяланган, анда Талас районунун Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Весь Кыргызстанды кармагым келет.... бироо кынк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган О.А.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана «кылмыш дүйнөсүнүн» идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас облусунда “смотрящие”, “положенцы”   дегендер жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок; эгерде алар аныкталса, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде катаал чаралар көрүлөт.

Related posts

Акылбек Жапаров: Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты

admin

Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

admin

Баткен: чек ара жаңжалында талкаланган үйлөр толук курулуп бүткөнү айтылды

admin

Комментарий