КР УКМК: Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалды.
   Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызматкерлери жеке ишкер Х.А.Х.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миц сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда чындыгында аталган бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн.
   2025-жылдын 3-мартында бул адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАКнын №1 тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы тапта ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Нурланбек Шакиев менен депутаттар Ташкенттеги Технопаркка барышты

admin

Дүйнө чемпиондугу: Жамалбек Асылбек уулу алтын медаль тагынды

admin

Шакиев: «Мектептер салынып, мугалимдердин айлыгы жогорулаганына карабай, билим берүүнүн сапаты өтө төмөндөп кетти»

admin

Комментарий