КР УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады

Бүгүн, 2025-жылдын 5-сентябрында Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады.
Спартакиадага УКМКнын баардык аймактык башкармалыктарынын, 9-кызматтын, «Альфа» АКК кызматкерлери, ошондой эле УКМК Чек Ара кызматы жана ардагерлер катышты. Мурда маалымдалгандай, иш-чара спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: эркектер арасында спорттун командалык түрлөрү – футбол, волейбол, баскетбол, жеке спорттун түрлөрү – шахмат, аялдар үчүн – 3000 метрге эстафеталык чуркоо, дартс, 3х3 баскетбол.
Спартакиаданын жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын Төрагасы, генерал-полковник К.К.Ташиев расмий сөз сүйлөп, спорттук иш-чаранын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун бирден-бир өбөлгөсү катары спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматчыларынын дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн, спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу тартипти, командалык маанайды жана жалпы күжүрмөн даярдыкты чыңдоого жардам берерин белгиледи.
Спорттук иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу, кызматкерлер арасында мыкты спортчуларды аныктоо, ошондой эле күч түзүмдөрүндө командалык дымакты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.
Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана баалуу белектер ыйгарылды.

Related posts

«Тапанчадан ок атуу боюнча турнир аяктады»

admin

Президент: Кыргызстан чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем турат 

admin

28-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий