КР УКМК: УКМК Академиясына жаңы алынган курсанттарынын аскердик ант берүү аземи болуп өттү

 Бүгүн, 2025-жылдын 25-августунда Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин катышуусунда КР УКМК Академиясынын алгачкы курсанттарынын аскердик ант берүүсүнө арналган салтанаттуу азем болуп өттү.
      Иш-чараны УКМК Төрагасы ачып, ант берген курсанттарды окуу жараянынын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө антка берилгендиктин, патриот болуунун жана жаш офицерлердин жогорку кесиптик даярдыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
      К.К.Ташиев куттуктоо сөзүндө эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 2024-жылдын январына чейин атайын кызматтарга адистерди даярдаган өзүнүн атайын окуу жайы болбогонун эскерип, КР Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен КР УКМК Академиясы түзүлгөндүгүн, ал эми азыркы курсанттар биринчилерден болуп аталган окуу жайда билим алууга мүмкүнчүлүк алышкандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле өлкөбүздүн эртеңки коопсуздугу жана бүтүндүгү аларга жана Академиянын кийинки бүтүрүүчүлөрүнө көз каранды экендигин айтып, биринчи кезекте ата-энелеринин, УКМК жана өлкө жетекчилигинин үмүттөрүн актоону каалап кетти.
      К.К.Ташиев курсанттарга татаал кесибинде ийгиликтерди, кайраттуулукту жана өз өлкөсүнүн патриоту болуусун каалады.

Related posts

Бишкекте автобус менен жеңил унаа катышкан жол кырсык

admin

Баткен, Ош облустарында түнү жана таңга жуук жер титиреди

admin

All Eyes on Rafah. Эмне үчүн бул постту соцтармакта көпчүлүк бөлүшүп жатат?

admin

Комментарий