КР УКМК: УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды

КР УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысынын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдар боюнча ыкчам-тергөө иш–чараларды жүргүзүүнүн алкагында, «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири — Жумабеков Ерканат Берикбаевич тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.
Алсак, Е.Жумабеков К.Асанбектин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек менен тыгыз байланышын түзгөн.
Ошол эле учурда Е.Жумабеков кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында К.Асанбек менен бир нече жолу бош убактысын жана жолугушууларын өткөргөнү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Е.Жумабековго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланды.

Related posts

Таштандыдан ымыркайды таап алган Пакистандык окуучу сыйланды

admin

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясында курман болгондорду эскерди   

admin

Ишке орноштуруу жеке агенттиктеринин ассоциациясы: ЭЭУнун №181 конвенциясын ратификацияланса,   миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калышы мүмкүн

admin

Комментарий