КР УКМК: Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган КР УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттук мелдеш жыйынтыкталды

2025-жылдын 7-декабрында КР Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган спорттук оюн түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештин салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.
Мелдешке КР УКМКнын штаб-квартирасынын, аймактык бөлүмдөрдүн, УКМКнын тогузунчу кызматынын кызматкерлери, ошондой эле «А» атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Эркектер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча күч сынашты: мини-футбол, стол тенниси, ок атуу жана шахмат. Аялдар үчүн спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер уюштурулду: жеңил атлетикалык командалык эстафета (1000 м), волейбол, ок атуу, дартс жана 3х3 форматында баскетбол.
Иш-чаранын катышуучуларына кайрылган сөзүндө генерал-полковник К.Ташиев системалуу дене тарбия машыгууларынын маанилүүлүгүн айтып: «Спорттук машыгуулар туруктуулукту, жоопкерчиликти, ишенимди жана ар бир улуттук коопсуздук кызматкери үчүн зарыл болгон сапаттарды калыптандырат. Биз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тутумунда спортту өнүктүрүүнү колдоону улантабыз» — деп баса белгиледи.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Related posts

Түркияда мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 2,5 жылга кесилди

admin

Кыргыз элимен кечирим сурайм! MCN Coinдин уюштуруучусу кайрылуу жасады

admin

14-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий