КР УКМК: «Ынтымак» ААКсынын 255,6 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Балыкчы шаарында жайгашкан «Ынтымак» ААКсынын (мурдагы «Балыкчы» жемиш совхоз комбинаты) жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жайгашкан 255,6 ГА аянттагы жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны («кызыл китеп» деп аталат) акционердик коом тарабынан мыйзамсыз алгандыгы аныкталган. Жогоруда аталган жер тилкеси Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 3-майындагы токтомунун негизинде мыйзам бузуу менен берилгени аныкталган.
Мындан тышкары, жер тилкеси көптөн бери өз багыты боюнча пайдаланылбай, иш жүзүндө өздөштүрүлбөй, аракетсиз абалда экени аныкталган.
Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик балансына кайтарылды.
Учурда «Ынтымак» ААКтын карамагындагы башка жер тилкелерин берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Related posts

9-майга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Бишкекте майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк фестивалы башталды

admin

Алтынай Нарбаева бийликке кайрылып, үч эм төрөгөн коңшусунун социалдык абалына көңүл бурду

admin

Комментарий