КР УКМК: Ысык-Көл облусунун Ак — Суу районундагы социалдык объектилерди кайтаруу боюнча

  УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды;
  • 0,70 га өлчөмүндөгү 356 чарчы метр администрациялык имараты бар жер тилкеси;
  • мурда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы М. Мамакеев атындагы орто мектептин балансында турган 944 чарчы метр аянттагы откананын имараты;
  • Ак-Суу капчыгайында жайгашкан жылуу суулары бар аянты 39 чарчы метрди түзгөн дарылоо борборунун имараты;
    Ошол эле учурда аталган жер тилкелерин жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен Ак-Суу айылынын тургуну К.Д.Ш. сатып алгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында К.Д.Ш. мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, жогоруда аталган объектилерди Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
    Мындан тышкары, мурда бала бакча жайгашкан 0,60 га өлчөмүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
    УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Related posts

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

10-декабрга карата аба ырайы

admin

Улуу Британияда семиз кишилерге айып пул салуу сунушталды

admin

Комментарий